Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иш убактысына чектөө киргизилди

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 341 | 0

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп бара жатканына байланыштуу бүгүн, 17-июндан тарта Бишкекте көңүл ачуучу жайлар менен тамактануучу жайлардын ишине айрым чектөөлөр киргизилди.

Мындай чечим 16-июнда Бишкек мэриясында өткөн эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отурумунда кабыл алынган.

Бишкектеги түнкү клуб, ресторан, коомдук тамактануу жайларына, кафе, караоке жана барларга түнкү саат 23:00дөн 07:00гө чейин иштөөсүнө тыюу салынат. Ошол эле учурда тамакты алып кетүү менен жеткирип берүү кызматына чек коюлбайт.

Мэрия Бишкекте коронавирус күчөп жатканын эскертти

Copyright © 2017 Maral FM