Биз менен байланышыңыз

Мэрия Бишкекте коронавирус күчөп жатканын эскертти

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 304 | 0

Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курчуп, коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкекте 257 кишиден коронавирус табылган.

«Үй карантининде болгон жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бүгүнкү күнү 4 миң 802 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын ичинен 1 миң 801 адамдан коронавирус табылган (ооруну белгиси байкалбагандар же ооруну жеңил өткөрүп жаткандар). 3 миң 1 киши үй карантинине алынган», — деп билдирет мэрия.

Мэрия жарандарды беткап тагынып жүрүүгө жана санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM