Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 572 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 187-чакырымында түнкү саат 01:00 чамасында жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен эки жаран каза болуп, бир киши жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Subaru Legacy В4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1992-жылы туулган Р.К. жана 2002-жылы туулган К. у Б аттуу жарандар каза болгон. Ошондой эле 2002-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши жаракат алган. Жаракат алган жаран тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилип, ал эми куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон жарандарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM