Биз менен байланышыңыз

Европарламент Беларусту Токиодогу Олимпиада оюндарына катыштырбоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2021 | 504 | 0

Европа парламенти Беларуска каржылык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу, аны бардык эл аралык иш-чаралардан, анын ичинде Токиодогу Олимпиада оюндарынанан четтетүүгө чакырган резолюция кабыл алды.

Сунуш берүүчү мүнөзгө ээ резолюцияны 626 депутат колдосо, 16сы каршы добуш берген.

Документте май айындагы ирландиялык Ryanair учагынын Минскке кондурулушу жана Беларус жараны Роман Протасевич менен орусиялык София Сапеганын кармалышы айыпталат. Ошондой эле депутаттар Минскти Протасевичти, Сапеганы жана башка саясий туткундарды тез арада бошотууга чакырат.

Резолюцияда Беларустун экономикасына инвестиция салууну токтотуу, жаңы насыяларды берүүдөн баш тартуу, Европанын каржы институттарына Беларусь өкмөтү жана мамлекетик мекемелери чыгарган баалуу кагаздарды сатып алуусуна тыюу салуу керектиги айтылат.

Эскерте кетсек, 23-майда «Афина – Вильнюс» багыты боюнча учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы Минсктин улуттук аэропортуна кондурулган. Ирландиялык авиакомпания билдиргендей, алар «учакта жардыруучу зат бар» деген маалыматтан улам Беларусь бийлигинин буйругу менен аэропортко конгон.

Бир канча сааттык текшерүүлөрдөн кийин учактан кооптондура турган заттар табылган эмес. Бирок Беларустун укук коргоо органдары өз өлкөсүндө экстремисттик деп табылган Nexta телеграм-каналынын мурдагы редактору Роман Протасевичти жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы кармап калышкан.

 

Эл аралык жарандык авиация уюму Ryanair учагына байланышкан окуяны иликтейт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM