Connect with us

Эл аралык жарандык авиация уюму Ryanair учагына байланышкан окуяны иликтейт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Май 2021 | 908 | 0

Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) ирландиялык Ryanair авиакомпаниясынын учагына байланышкан окуяны иликтейт. Бул тууралуу аталган уюмдун бейшембиде өткөн отурумунан кийин жарыяланганын ТАСС агенттиги жазды.

«Кеңеш болгон окуянын чоо-жайын аныктоону жана ICAOˈго мүчө мамлекеттин эл аралык авиация укугун, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация тууралуу конвенцияны бузуп-бузбаганын түшүнүү максатында иликтөө жүргүзүүнү чечти», — деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, 23-майда «Афина – Вильнюс» багыты боюнча учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы Минсктин улуттук аэропортуна кондурулган. Ирландиялык авиакомпания билдиргендей, алар «учакта жардыруучу зат бар» деген маалыматтан улам Беларусь бийлигинин буйругу менен аэропортко конгон.

Бир канча сааттык текшерүүлөрдөн кийин учактан кооптондура турган заттар табылган эмес. Бирок Беларустун укук коргоо органдары өз өлкөсүндө экстремисттик деп табылган Nexta телеграм-каналынын мурдагы редактору Роман Протасевичти жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы кармап калышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM