Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын курамасы 15-июнда Япония менен беттешет

Спорт | 11 Июн 2021 | 932 | 0

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 11-июнда өткөн Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде «ак шумкарлар» атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди. Бүгүнкү оюнда да «ак шумкарлар» дарбазачысы жок чыкты. Буга байланыштуу Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Япониядагы тандоо турунун учурдагы абалы тууралуу маалымат жыйын болуп өттү. Анда дарбазачылардын эмне себептен оюнга чыкпай калганы, ошондой эле четтетилген оюнчуларды кайра оюн талаасына киргизүү  үчүн Кыргызстан тараптан кандай аракеттер көрүлгөнү тууралуу сөз болду.

Беттеш Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 13:00дө башталган. Биринчи беттеште Кыргызстандын эсебиндеги биринчи голду Турсунали Рустамов 21-мүнөттө киргизди. Андан көп өтпөй 27-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти 2:0 кылды. Үчүнчү голду Фархад Мусабеков, ал эми төртүнчү голду Алимардон Шукуров 45-мүнөттө киргизди. Калыс ышкырыкты жаңыртар алдында бешинчи голду капитандык милдетти аткарып жаткан Мирлан Мурзаев киргизип, эсепти 5:0 кылды.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев, андан эки мүнөт өткөндөн кийин Абай Бөкөлөев гол киргизди. 69-мүнөттө Мьянманын Хлайн аттуу оюнчусу эсепти 7:1 кылып өзгөрттү. Ал эми 79-мүнөттө Мурзаев эсепти 8:1 кылды. Бүгүнкү оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын оюнчурларын 8:1 эсебинде жеңип алды.

Учурда Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында жүрүп жаткан оюнга Кыргызстан курамасынын бир катар оюнчулары чыга алышкан жок. Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Канат Маматов кыргыз тарап четтетилген футболчуларды оюнга чыгаруу максатында бир топ аракеттерди, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

«Бул кабарды оюнга 2 саат калганда уктук. Көйгөйдү чечүү максатында дароо эле Япониянын Футбол федерациясынын президентине байланышка чыктым. Ал маселени тез аранын ичинде колдон келишинче териштирип чыгарын айтты. Ошондой эле, АФКнын президентине да бул маселе боюнча кайрылдым. Ал дароо эле бул иш боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берди. Алар үчүн да мындай жагдай күтүүсүздөн болду. Машыгууга уруксат берилгенинен, биз оюнчулар толук оюнга катышат деген ойдо болдук. Ушул убактагы 2 саат 2 мүнөттөй эле өтүп кетти. Бирок, тилекке каршы, кылган аракетибиз оң жакка чечилген жок. Биз куру кол карап турган эмеспиз. Колубуздан келген аракетти кылдык. Азыркы күнгө чейин токтоткон жокпуз. Мындан сырткары Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Япониядагы элчилиги дагы өз ара бул маселе боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүздү».

Ал эми Кыргызстан футбол федерациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында, Азия кубогуна жолдомо алууга  Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар.

«7 -июнда өткөн оюнда Кыргызстандын курамасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип калган. Бирок, бул жыйынтык Кыргызстандын курама командасынын алдыңкы тепкичке көтөрүлүшүнө жолтоо болбойт. Мындан кийинки мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга команда даяр. Монголияга жеңилүү менен тандап алуучу оюндардын мелдешинен чыгып кеттик десек жаңылышабыз. Алдыда биздин курама команда мыкты оюндарды көрсөтөт деген ишеничтебиз».

Эскерте кетсек, 7-июнда өткөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагындагы оюнда Кыргызстандын курамасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип калган.

Кыргызстан киийнки беттеште 15-июнда Япониянын курамасы менен ойнойт.

Copyright © 2017 Maral FM