Биз менен байланышыңыз

7-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 494 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 7-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 33….38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8….13, күндүз 23….28;

Бишкекте 7-июнда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM