Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Унжу-Булак тилкеси боюнча Тажикстан тараткан билдирүү калп

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1171 | 0

КР Министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлчүлүгү тажик тараптын Унжу-Булак тилкесине байланыштуу билдирүүсүн төгүндөгөн маалымат таратты.

Өкүлчүлүк билдиргендей, 2002-жылдан тарта Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегациялары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө. Учурда аны жазуу процесси жыйынтыктала элек. Буга байланыштуу Унжу-Булак тилкеси жазылганы тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт.

«Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес. Мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет. Натыйжада, аталган участокко Тажикстандын макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге дал келбейт. Мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Министрлер кабинети бүгүн, 4-июнда саат 03:00дө Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотконун билдирген. Андан кийин ал боюнча Тажикстандын УКМКсы билдирүү таратып, анда алардын чек арачылары макулдашылган чек ара тилкесине коюлганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM