Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясында каза болгон чек арачылардын үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон берилди

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 371 | 0

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон чек арачылар Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулунун үй-бүлөсүнө спикердин резервдик фондунан 100 миң сомдон берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маркумдардын жакындары менен болгон жолугушууда Талант Мамытов алардын Мекен алдындагы парзын аткарууда көрсөткөн каармандыктары жана эрдиктери эч качан унутулбай турганын белгиледи.

«Ушундай уулдарды тарбиялаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана алар түбөлүккө улут сыймыгы болуп кала берет», – деди Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM