Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Түркияга боло турган расмий иш сапары талкууланды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 668 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен 26-майда жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев менен Чавушоглу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун алдыда боло турган расмий иш сапары, ушул жылдын июнь айында Анкара шаарында эки өлкө парламентинин стратегиялык кызматташтык боюнча V жыйынын өткөрүү маселесин талкуулашты.

Анда тышкары, алар эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөштү.

Copyright © 2017 Maral FM