Биз менен байланышыңыз

26-майга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 413 | 0

Кыргызгидромет 26-майга чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Аны толугу менен төмөндө сунуштайбыз:

  • Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.

25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

  • Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-26-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

  • Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.

25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м / с.

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык өрөөндө жаан-чачын болбойт.

  • Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майда күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштөн кийин жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-майда түштөн кийин жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

26-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

  • Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-майда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймакта жаан-чачын болбойт.

23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майда күндүз жана 24-майда түнкүсүн тоолуу райондордо, жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймакта жаан-чачын болбойт.

24-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

25-майда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

26-майда түнкүсүн тоолуу райондордо, жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймакта жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

  • Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.

25-майда түнкүсүн тоолуу райондордо, жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймакта жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

  • Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-майда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

24-майда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

25-майда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

26-майда түнкүсүн тоолуу райондордо, жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймакта жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндүн зонасында жаан-чачын болбойт.

  • Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштөн кийин жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

25-26-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

  • Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, дыйканчылык аймакта жаан-чачын болбойт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймакта жаан-чачын жок.

25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт.

  • Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

24-25-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

  • Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштөн кийин жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

24-26-май күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM