Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан сегиз бейтап каза болду

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 798 | 0

Кыргызстанда 22-майга карата коронавирус дагы 308 адамдан аныкталды. Алар Бишкекте – 164, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 76, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыккан. Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында алты, Нарын облусунда бир, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 521 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 449 адам дарыланууда. Алардын ичинен 994 бейтаптын абалы орто оордукта, 445 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат.

Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 584 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 521 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 446 киши айыгып чыкса, 1 миң 743 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM