Биз менен байланышыңыз

Адамды бакубат жашаткан мамлекет көпкө жашайт

Блог | 22 мая 2021 | 1157 | 0

Жакында мамлекеттик катчы болот деп ушак ээрчиген Каныбек Осмоналиев агай, “Улуттук идеология керек” деп кээде жалаң 50 жаштан жогору окумуштуу дегендер менен жыйын уюштуруп, кээде фейсбуктан пост жазып талкуулап келет. Канча жылдан бери улуттук идеология керек деп айтып келишет. Же бир катардагы жаран түшүнө турган жеткиликтүү тилде айтылбайт ошол идеологиясы. Улуулардын ой-пикирин сыйлайбыз. Ошентсе да улуулардын же илим адамдарынын айткан пикирин жаштар же жөнөкөй калк түшүнөбү? Айтайын дегеним 50 жаштын жогорусундагылар башка доордо чоңоюшту. Ошого жараша дүйнө таанымы бар. Биз башка доордо чоңойдук. 25-40 жаштагылар улуу муунду кичине түшүнсөк түшүнүп калышыбыз мүмкүн. Бирок мен мисалы, Каныбек Осмоналиев агайдын айткандарын түшүнө бербейм. Ал эми 2000-жылы төрөлгөндөр түшүнөбү? Шаблон сөздөр менен эмес, улуттук идеология боюнча видениеңизди жалпак тил менен түшүндүрүп бериңизчи десем жооп болгон жок. Экөөбүз башка толкунда сүзгөндөйбүз.

Ошентсе да өз оюмду жазууну туура көрдүм. Этносубуз ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирок жашаган жерибиз, дем алган абабыз, ичкен суубуз, мыйзамдарыбыз бир. Социалисти, улутчулу, либералы, диндары, теңирчиси, батышчылы, орусчулу, түркчүл же арабчылынын орток баалуулугу — Кыргыз (Республикасынын) жарандыгы экени талашсыз. Баарыбыздын келечегибиз да кыргыз жарандыгы.

Кыргыз мамлекети көзкарандысыздык алгандан бери ар кандай саясий, экономикалык кризистерди башынан өткөрүп келүүдө.. Эмнеге өнүкпөй жатабыз деген суроого ар түрдүү жооптор болсо да бул абалдан чыгуу боюнча ниетибиз бир. Ал эми жоопко келгенде АКШнын үчүнчү президенти Томас Жефферсондун учкул сөзү эске түшөт: сабатсыз болуп туруп, эркин болууну каалаган элдердин ойлогону ишке ашпайт. Бүгүнгө чейинки проблемаларыбыздын тамыры ушунда жатат деп ойлойм.

Кыргызстан эски ыкма же кошумча наркы аз болгон айыл чарба, арзан туризм, кен байлыктар же курулуш секторлорун өнүктүрүү менен белгилүү адам башы ички дүң продукт(ИДП) азыркы 1123$дан( Булак: Дүйнөлүк Банк) 5000$ жетиши мүмкүн. Саясий стабилдүүлүк бар учурларда деле адам башы ИДП 1000$ айланасында калып келген. Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча адам башына ИДПда Кыргыз Республикасы 192 мамлекет арасынан 161-орунда . Айыл чарба сектору, туризм менен кошумча нарк алып келчү экономикага чоң секирик жасай албайбыз. Аны үчүн кардиналдуу реформалар керек.

 

АДИЛЕТТҮҮЛҮК, ЭРКИНДИК,  БИЛИМ БЕРҮҮ!

Кардиналдуу реформалар сөзүнүн да кадыры кетти. Бул сөздү колдонгонубуз менен анын мазмунун толтура албай жаткан термин. Анда аныктамасына токтололу. Биринчиси, мамлекетти мамлекет кылган, мамлекеттин түркүгү болгон адилеттик (мыйзам үстөмдүгү) болушу керек. Мыйзам кээ бирөөнө иштеп, кээ бирөөнө иштебей, уурулук кылган, коррупцияга аралашкан, элдин казынасына кол салган ким болбосун мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек. Бийликтеги төбөлдөргө жакын тууган, дос, кошомат кылгандар болсун же башкасы болсун баарына мыйзам бирдей иштегенде гана адилеттик орнойт. Себеби мыйзамдар кынтыксыз иштегенде адилеттүү атаандаштык орнойт, өндүрүш артат. Экинчиден, эски доордун экономикасы болгон (кошумча наркы аз) айыл чарба секторуна кошумча наркы жогору санариптик экономикага өтүүдө экономикалык жана саясий тоскоолдуктарды жоюу зарыл. Мамлекеттик тендерлер ачык, айкын, баарына бирдей шарт түзүлгөн шартта өтүшү кажет. Маалыматтын ачыктыгы — бул фундаменталдуу эркиндик. Үчүнчүдөн, калкыбыздын жарымынан көбүн түзгөн жаштарды дүйнө менен жарыша алган же дүйнөнүн төрт тарабында иштей алчу көндүмдөргө(компетенцияларга) ээ болуусу керек. Аны билим берүү аркылуу жасай алабыз. Жалпысынан айтканда, адилеттик жана фундаменталдуу эркиндиктер камсыздалып, билим берүү тармагында кардиналдуу реформалар ишке ашырылбаса абалыбыз ушул бойдон кала берет. ИДП да ушул бойдон кала берет.

ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ ШАРТЫ АДИЛЕТТҮҮ АТААНДАШТЫК!

Атаандаштык мыйзамдар адилеттүү иштегенде гана ишке ашат. Мыйзам менен корголгон адилеттүү атаандаштыкта жарандардын экономикага катышуусу артат. Бул натыйжалуу жыйынтыктарды алып келет. Ошондой эле тышкы инвестиция дагы мыйзам үстөмдүгү сакталбаган өлкөгө келбейт же тезирээк чыгып кетүүнүн жолун издейт. Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү рейтингинде дүйнөдө 87-орунду ээлеген. Doing business рейтингинде 80-орун, коррупцияны кабылдоо деңгээли боюнча 124-орунда, андан алдыга жылмайынча бакубат өлкөгө айлана албайбыз.

ФУНДАМЕНТАЛДУУ ЭРКИНДИК ЭКОНОМИКАЛЫК БИР ТЕРМИН!

Кошумча наркы жогору экономика бир эле учурда маалымат экономикасы болуп саналат. Адамдар чексиз кыялдана алышканда, кыялдарын эркин ишке ашыра алышканда, ойлоп тапкан пикирлерин эркин бөлүшкөндө кошумча нарк пайда болот. Маалыматка жетүүнүн жолу эркин болгондо, ал өлкөдө инновациялар артып, жыйынтыгында ишкердик өркүндөп, ИДП өсөт. Кыскасы, канчалык эркиндик болсо, ошончолук бакубат жашоо келет. Өнүгүүнүн жолу эркиндиктерди кеңейтүү аркылуу т.а маалыматка жетүү эркиндиги, сөз эркиндиги камсыздалып, пикирин тайманбай айткандарга кепилдик берилгенде жолго салынат. Рейтингдеги алдыңкы өлкөлөрдү караганыбызда баары бири-бирине байланыштуу экени түшүнүктүү болот.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ

Кыргыз билим берүү тармагында көйгөй көп. Мектепке чейинки билим берүүдө бала бакчалардын жетишсиздиги(акыркы маалыматтарда 36% камсыздалган), мектептеги билим берүү, жогорку билим берүү, бүгүнкү реалдуулукка таянып жазылган китептердин таңкыстыгы, мектеп жетишсиздиги, мугалимдердин айлык маянасынын аздыгы, квалификациялуу мугалимдердин аздыгы, балдардын жөнөкөй компетенцияларды өздөштүрө албашы ж.б. болуп тизме узай берет. Дүйнөнүн кайсы мамлекетинде болбосун  билим берүү тармагы эң көп талаш-талкуу жараткан жана эң көп өзгөртүү киргизүүгө аракет кылынган тармак. Маалыматтык технологиялар күндөн күнгө өзгөрүүдө. Адам өзгөрүүдө. Коом да өзгөрүүдө. Билим берүү да ага улай өзгөрүп турушу зарыл. Маанилүүсү, реформалар болуп жаткан өзгөрүүлөргө жараша өзгөрүшү керек. Бул жерде башка өлкөдөн алып келинген реформалык аракеттер Кыргызстандын шарттарына жараша жасалып, ал үчүн билим берүү тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу, табылган жыйынтыктардын(маалыматтардын) негизинде реформа жасоо абзел. Баары мактаган Финляндия деле өзүн АКШ жана Британ университеттеринин лабораториясыбыз деп арданбай айтышат. Бирок алар тармактагы кайсы бир оорунун диагнозун коюу үчүн алгач изилдеп, аныктап, маселени чечүү үчүн да алтернативдүү жолдорун кабыл алууда даталарга таянышкан. Ойго келген ар түрдүү утопиялык идеяларды реформа деп системанын баарына жүргүзбөй, бир канча уюмда пилоттук негизде ишке ашышын байкап көрүп, анан аткаруу абзел.

Бул жерде алгач максатыбыз эмне экенине токтолушубуз керек. Мындай айтканда Кыргыз өлкөсүнүн балдары(жарандары) дүйнө менен атаандашууга жөндөмдүүбү? Мектепте эмнени окутуп жатабыз? PISAда жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон (калкы биз сыяктуу) Эстония, Сингапур, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдоно алабызбы, алардын артыкчылыктары эмнелер деген суроолорго жооп негизи бар.

Дүйнөдө атаандаштыкка туруштук берүү үчүн өтмүштүн эмес, 21-кылымдын көндүмдөрүнө ээ болуу керектиги талашсыз. Мамлекет катары атаандаша албашыбыз мүмкүн. Бирок жарандарыбыз дүйнөнүн төрт тарабында же Кыргызстанда жашап, дүйнөгө иштөө үчүн иштей ала турган деңгээлге жеткенде жарандарыбыз атаандашчыл болуп, бакубат жашай алат. Адамды жашатсаң мамлекет жашайт эмеспи. Аны үчүн жарандарыбыздын инсандык өнүгүүсү үчүн шарттар жакшыртылышы керек. Билим берүү системасы аркылуу адамдын потенциалын арттырууга мүмкүн. Жарандарыбыз (Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун рапортторунда белгиленген компетенциялар)  сынчыл ой жүгүртө алган, командада иштей алган, креативдүү, коммуникациясы күчтүү, жаңы нерселерге ачык, маалыматты талдай алган, эмоционалдык жактан сабаттуу болушу менен кошо санариптик сабаттуу  же программа(код) жаза алса жана англисче сүйлөй алса атаандаштыкка туруштук бере алат.

Мыйзамдардын кынтыксыз иштеп, адилеттик орноп, адамдар пикирин эч кимден коркпой айта алса калктын эртеңки күнгө ишеними артат жана балдарыбыз заманга жараша билим алса максатка жетебиз. Адамды бакубат жашаткан мамлекет көпкө жашайт. Идеология ушундай болуш керектир балким.

Автор: «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM