Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Президенттик Администрациянын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.
Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык төмөнүлөр дайындалды:
— Адилет Жанузаков Президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
— Эркин Сазыков Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
— Назирбек Бөрүбаев Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.