Биз менен байланышыңыз

Арстанбек Базаркулов Паралимпиада оюндарына алгачкы жолдомону утту

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 301 | 0

Кыргызстандык спортчу Арстанбек Базаркулов быйыл Токиодо (Япония) өтүүчү Паралимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Арстанбек базаркулов 3 лицензиялык турнирлерге катышып, анын жыйынтыгында паралимдиадалык нормативди толуктап, 24-августта Токидо баштала турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Аталган оюндар 5-сентябрда аягына чыгат.

Базаркулов ядро ыргытуу боюнча февралда БАЭде өткөн пара-жеңил атлетика турниринде 5-орунду алган. Ал эми март айында Тунисте өткөн турнирде 4-орунду, 7-18-майда Швейцариянын Ноттвил шаарында өткөн Гран-приде коло медалды багындырган.

Спортчунун бул ийгилиги Кыргызстандын Паралимпиадага болгон алгачкы жолдомосу болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM