Биз менен байланышыңыз

Бөлтүрүк: «Кумтөрдөгү» жумушчулардын айлыгы кыскартылбайт

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 687 | 0

Бүгүн,20-майдагы басма сөз жыйынында Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» кенинде иш штаттык режимде уланып жатканын айтты.

Учурда жумушчуларга айлык акыны төлөө жана бир айлык сатып алуулар үчүн акча каражатын бөлүү каралып жатат.

Жумушчулардын айлык акысы азайбайт. Тескерисинче, жумушчулардын саны көбөйтүлөт. Башка кендердеги жумушчулар да которулушу мүмкүн.

Кумтөргө бир ай үчүн 21 млн доллар акча жумшалат. Анын 4 млн доллары айлык акыга кетет.

Бөлтүрүктүн айтымында, учурда каржылоо булагы бар, «Кыргызалтын» ишканасынын 20 млн долларлык дивиденттери бар.

Алтындын биринчи партиясы Улуттук банкка 29 млн долларга сатылды. Мындан тышкары, 25 млн доллар револьвердик насыя алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM