Биз менен байланышыңыз

Депутат: Мурдагы президенттер, премьерлер мамлекетке чыккынчылык кылышкан

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 682 | 0

«Кумтөр» ишке киргенден, бүгүнкү күнгө чейин кенди иштетүү боюнча келишимдерге кол койгон президенттер, өкмөт башчылардын тизмеси түзүлүп, укуктук баа берилиши керек. Мындай чечим кендин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын отчетунда айтылды.

Комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров ошол убактагы Экотехинспекциянын башчылары, Салык инспекциясынын жетекчилери, «Центерранын» директорлор кеңешинин Кыргызстандагы мүчөлөрү, «Кыргызалтын» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагалары, башкармалыктын төрагасы жоопкерчиликке тартылышы керек. Депутат жогоруда айтылган жетекчилерге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогону үчүн укуктук баа берүү туура болот.

«Азыркы мезгилге чейин өлкөнү башкарып келген саясий күчтөр «Центерранын» башкаруучуларына Кыргызстандын экономикалык толук көз каранды абалга алып келүүсүнө шарт түзүшкөн. Бул кандайдыр бир деңгээлде саясий көз карандылыкка да алып келген. «Кумтөргө» тийиштүү миңдеген документтерди талдап отуруп, мамлекеттик комиссия өткөн 27 жыл ичинде КР президенттери, өкмөт башчылары өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого илең-салаң, көңүл кош мамиле кылганын аныктады. «Cameco», «Центерра» менен түзүлгөн келишимдердин шарттары Кыргызстан үчүн такыр пайдасыз жана зыяндуу болгон. Буга байланыштуу буга чейинки мамлекет жана өкмөт жетекчилеринин аракеттеринде чыккынчылык кылуунун белгилери бар. Ага укук коргоо органдары баа бериши керек», — деди Акылбек Жапаров.

Мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында 156 тонна, Курманбек Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Алмазбек Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Сооронбай Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен.

«Центерранын» экологиялык бузууларга барганы сот тарабынан аныкталып, 3,2 млрд доллар доо коюлду. Жапаровдун айтымында, канадалык компания ушул күндө да Кыргызстандын укук коргоо органдарын көзгө илбей келет. Мындайда Кыргызстан суверендүү укугун пайдаланып, «Кумтөр Голд» ишканасына сырткы башкарууну киргизе алат.

Copyright © 2017 Maral FM