Биз менен байланышыңыз

«AMSA-KG» уюму болочок дарыгерлердин эл аралык конференциясын өткөрүүдө

«AMSA-KG» — Азиядагы медицина багытында окуган студенттердин ассоциациясы. Ал Эл аралык медициналык жогорку мектеп тарабынан уюштурулган. Уюмга Кыргызстандын жергиликтүү жана чет өлкөдөгү студенттери мүчө. Ал Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өркүндөтүү үчүн ар кандай маалыматтык программаларды уюштуруп, семинарларды, тажрыйбалуу адистердин дарстарын, сынактарды, тренингдерди дайыма өткөрүп турууга бар күчүн салып келет.

Аталган уюм учурда улуттук конференция өткөзүп жатат. Он күндүк иш-чара 8-майда башталган, ал 18-майга чейин уланат. Жыл сайын өткөрүлүп келген конференция пандемияга байланыштуу бул жылы онлайн-форматта уюштурулду. Анда студенттерге тажрыйбалуу дарыгерлер, медицина жаатында эмгектенгендер ар тараптуу, натыйжалуу билим берет.

Конференциянын уюштуруучусу Parth Sachin Desai иш-чара боюнча буларды айтып берди:

«Улуттук медициналык студенттер конференциясына «AMSA-KGнин» Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү бардык мүчөлөрү катышып жатат. Бул конференция медициналык окуу жайлардын студенттеринин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берет. Конференцияда өткөн лекциялар «AMSA-KGнин» мүчөлөрүн социалдык жана медициналык турмуштун бардык аспектилерине тартууда чечүүчү ролду ойнойт. Жалпысынан Улуттук конференция — жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде «AMSA-KGге» жигердүү катышууга мүмкүнчүлүк берген жемиштүү иш-чара». 

Сөз болуп жаткан конференция тууралуу катышуучулардын пикирин угуп көрдүк. Saurabh Sharma аттуу Индиянын жараны мындай иш-чаралар медицина тармагындагы студенттерге эле эмес, жалпы жарандарга да пайдалуу экенин белгилейт.

 «Кызыктуу сессиялар жана окутуулар көп болду. Албетте, конференция медик-студент катары жакынкы келечекте туш боло турган нерселер менен кантип күрөшүүм керектигин түшүндүрүп берди. Бул майда нерселер менин кесибимде, атүгүл жөнөкөй жаран катары да жардам берет деп ойлойм». 

Конференциянын дагы бир катышуучусу Vedika Pati сессиянын темалары абдан кызыктуу, окуткан мугалимдер тажрыйбалуу экенин айтты.

«Абдан сонун конференция. Ал жерде биз психикалык ден соолук жана гендердик зомбулук сыяктуу темалардагы ар кандай сабактарга катыштык. Анда келечектеги саламаттыкты сактоочу катары коом алдындагы милдеттерибизди, мыкты, кесипкөй адис болуубуз керектигин билдик. Мындай вебинарларга катышкандан кийин биздин чакан иш-аракеттерибиз азыркы коомдогу жакшы өзгөрүүлөргө жана биздин кыргызстандыктардын эртеңки күндүн ден соолугу чың болушуна алып келет». 

«AMSA-KG» ассоциациясынын негиздөөчүлөрү — Эл аралык медициналык жогорку мектептин студенттери. Мектеп директору Сталбек Ахунбаев студенттердин көпчүлүгү Индия, Пакистандан келерин айтты. Ал айрыкча Индиядан келген студенттер абдан активдүү болорун, өздөрүнүн позициясы, пикири жана көз карашы бар экенин белгилеп, муну жакшы көрүнүш катары баалады.

«Индиядан келген студенттер абдан активдүү. Алардын өзүлөрүнүн позициясы, пикири, көз карашы бар. Алар абдан демилгелүү, ар дайым көптөгөн идеяларды сунуштайт, университетинин патриоту болууга аракет кылышат. Ар дайым өзүлөрүнүн артынан из калтырууга аракет жасашат. Биз алардын билим алууга, жигердүү болууга жана артынан бир из калтырууга умтулган жигерин кыргыз студенттерине да жайылтышыбыз керек. Биздин өзгөчөлүгүбүз, бир гана англис тилинде гана сабак беребиз. Программабыз британ билим берүү моделине жакын». 

«AMSA-KGнин» жыл сайын өтүп келген улуттук конференциясына катышуу үчүн укук алуу — эң жөнөкөй жана акысыз. Каалоочулар анүчүн болгону атайын баракчаны гана толтуруп коюшат.

Бул жылкы каттоо 26-апрелден 6-майга чейин жүргөн. Анын негизинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү медициналык окуу жайлардан 318 студент иш-чарага катышуу укугун алган.

Конференция аяктагандан кийин бардык катышуучулар Уюштуруу комитетинин жана «AMSA-KG» башкармалыгынын сертификаттарына ээ болушат.

Copyright © 2017 Maral FM