Бишкек шаардык милициясы калаадагы үйлөрдүн биринен эки аялдын сөөгү табылганын тастыктап, маалымат таратты.
Бишкек ШИИББине 12-май күнү саат 11:25 чамасында чалуу түшүп, турак үйлөрдүн биринен эки аялдын сөөгү табылганы кабарланган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, маркумдардын аты-жөнү аныкталган. Алар 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу аялдар болгон.
Жергиликтүү маалымат каражаттары киши колдуу болгон аялдар энеси менен кызы экенин жазышууда.
Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатат, кошумча маалымат берилет.