Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Центерра Голд» кыргыз тараптын өкүлдөрүнөн акча өөнөп жүргөн

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 889 | 0

Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 млрд сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Бул тууралуу «Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров айтты.

Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да бардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат.

Мамлекеттик комиссия эксперттик топ менен бирге «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соң Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен таанышып келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Центерра Голд» компаниясы кыргыз тараптын өкүлдөрүн сатып алып, акча өөнөп алуунун амалына өткөнү ачыкталган.

«Кумтөр» компаниясы бузулду делген техникаларды Канадага алып барып, оңдотуп келет. Ал тургай, жараксыз техникалык жабдууларды сатып алып, көп жыл пайдаланылбай тургандан кийин кайра кымбат баада чыгаша кылынып жаткан фактылар да арбын. Мунун баары көзөмөлдүн жоктугунан болууда», — деди Жапаров.

Канадалык «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталды. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айтты.

Анын ичинде, 3 млрд 86 млн доллары — экологиялык зыян, салык төлөмү — 1 млрд 166, 5 млн доллар. Мындан тышкары, «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия өлкө бюджетине 106 тонна алтынды кайтарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM