Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтөт

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 639 | 0

Бүгүн, 12-майда саат 14:00дө «Кумтөр» кениндеги ишмердикти текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынга чогулат. Бул тууралуу «Маралга» депутат Рыскелди Момбеков кабарлады.

Анын айтымында, комиссиянын кендеги ишмердикти текшерүү боюнча алдын ала корутундусунун долбоору жарыяланат. Андан кийин парламенттин кароосуна киргизилет. Комиссиянын курамында 12 депутат бар, аны Акылбек Жапаров жетектейт.

Момбеков кошумчалагандай, 17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Анда «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралышы мүмкүн. Ошондой эле Баткен окуясы да талкууланары күтүлүүдө.

Депутат «Кумтөр» боюнча сот процесси узак убакытка созуларын жана аны кезексиз жыйында кароого негиз көрбөй турганын айтты.

Шыкмаматов: «Кумтөргө» чыккан соттук чечимди инвестициялык климатка байланыштырбоо керек

11-майда «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишкенин компаниянын кесиптик кошуун төрагасы Калысбек Рыспаев тастыктаган. Ал муну «Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы абалга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан.

Өткөн жумада Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды. Андан көп өтпөй эле Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр голд» компаниясын Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн айыптап, 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

Copyright © 2017 Maral FM