Биз менен байланышыңыз

Чүй: Өспүрүмдүн сабалып, каза болгону иликтене баштады

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 404 | 0

 Чүй облустук милициясы Беловодск психоневрологиялык интернатында өспүрүмдүн мушташтан каза болушу боюнча текшерүүнү баштады.

Маалым болгондой, 25-апрелде интернаттын 2 тарбиялануучусу 12 жаштагы А.С. жана 17 жаштагы Х.Р. 15 жаштагы С.Нны сабашкан. Таяк жеген бала ооруканага жеткирилген, бирок кийинки күнү эсине келбей каза болгон.

Бул факт Москва райондук милициясы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Зарыл болгон экспертиза дайындалды. Учурда бардык жагдайлар такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM