Биз менен байланышыңыз

Мобилдүү клиникалар калкты акысыз тейлейт

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 708 | 0

Кыргызстанга келген мобилдүү клиникалар элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга берген мультидиагностикалык клиникалар тууралуу берген маалыматында айтып өттү.

«Фаедь Хайр» программасы боюнча беш жыл аралыгында бардык медикаменттер, кызматкерлердин эмгек акысы Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен жүргүзүлөрү айтылган.

Бейшеналиевдин айтымында, 2021-жылы Араб эмираттары менен Кыргызстан өлкөгө мобилдүү клиникалар түрүндө жардам алып келүү жөнүндө келишимге кол койгонн. Тилекке каршы, 7 жыл аралыгында бир да аракет болгон эмес.

«Күздө мен Түркияга барганда аталган келишимди толук бүткөргөнбүз, ошентип 5 ай аралыгында алар клиникаларды чогултушту. Бүгүн минтип тапшыруу аземи өтүп жатат. «Фаедь Хайр» программасы боюнча кызматкерлердин эмгек акысын, медикаменттерди Ислам өнүктүрүү банкы 5 жыл бою каржылап берет. Калкка жардам көрсөтүү акысыз болот», — деди министр.

Министрдин айтымында, бул мобилдүү клиникалар зарыл болгон бардык аппараттар менен жабдылып, бардык оорулар боюнча текшерүү жүргүзүлүп, диагноз коюлат. Мында компьютердик томография, рентген, маммография, гастроскопия жана башкалар бар. Андан тышкары бул клиникаларда операция да жасоого болот. Бардык кызматтар акысыз жүргүзүлөт.

«Негизинен аталган клиникалар тоолуу аймактарда иштетилет. Келишимге ылайык, медицина кызматкерлеринин жарымы жергиликтүү, жарымы чет өлкөлүктөрдөн турат. Көчмө клиниканын жалпы баасы 10,5 млн доллар болду», — деди Бейшеналиев.

Мобилдүү клиникалар «Ford» маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга орнотулган 5 бөлүктөн (5 трейлер) турат.

Мобилдүү клиника компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Ошондой эле офтальмологиялык операцияларды жүргүзүүгө болот.

Трейлер менен бирге бейтаптарды ташуу үчүн кичи автобус жана медициналык тез жардам унаасы берилди.

Түркиядан мобилдүү мультидиагностикалык клиникалар келди (фото)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM