Биз менен байланышыңыз

Түркиядан мобилдүү мультидиагностикалык клиникалар келди (фото)

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 519 | 0

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Фаель Хайыр» программасында каралган «Айыл жерине мобилдик клиникаларды алуу жана иштетүү боюнча кайрымдуулук салымын ишке ашыруу жөнүндө» макулдашуунун алкагында Кыргызстанга 5 мобилдик мультидиагностикалык клиника келди. Клиникаларды берүүгө 2014-жылдын 3-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Мекке шаарында кол коюлган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, аталган долбоордун башкы аткаруучусу калкты медициналык жардам менен камсыздоо үчүн мобилдүү ооруканаларды жана клиникаларды даярдоо жаатында дүйнөлүк лидерлердин катарына кирген «NORMECA AS» компаниясы болуп саналат.

Аталган клиникалар Түркиянын заводдорунда даярдалып, республиканын алыскы аймактарында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM