Connect with us

Гүлсара: Атам мектебин коруйм деп, биз менен качпай койду

Блог | 5 Май 2021 | 7972 | 0

Баткен жана Лейлек районуна тажик аскерлеринин кол салуусу 36 адамдын өмүрүн алды. 200гө жакын адам ар кандай жаракат менен ооруканага дарыланууда. Жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, мектеп, бала бакчалар күлгө айланды. Тажикстан аскерлеринин тынч жаткан элге кол салуусу Кыргызстандын тарыхындагы эң каргашалуу даталардын бири болуп калды. «Марал» радиосу бул окуяларга күбө болгон, ок жанынан учкан, үйү өрттөнгөн, качууга мажбур болгон жарандар менен маектешүүнү улантат. Бүгүнкү маектешибиз — Жаштык айылынын тургуну Гүлсара Мадаминова. Ал бизге окуя кандай болгону, атасы, Кыргыз эл мугалими Гапыр Мадаминов өзү түптөгөн билим уясын кантип коргогону тууралуу маек курду.

— Гүлсара, окуя кандайча башталып кетти? Сиздер качканга кантип үлгүрдүңүздөр?

— Биз Тажикстанга чектеш турган Арка өрөөнүндө жашайбыз. Ал жерде өзү төрт айыл бар. Арка-1, Арка-2, Жаштык, Достук, анан Максат айылы деп коет. Биз ошол Жаштык айылынан болобуз. Окуянын башталышы «Головнойдо», Баткен жакта болду. Ошол күндөрү менин атамды, Гапыр Мадаминов агайды Баткенге семинарга чакырган болчу. Атам биздин айтканыбызга карабай жөнөп кетип, бирок жолдон кайра кайтып келди. Ошонун эртеси күнү атамдар кадимкидей жумушка кеткен, биз ооз ачарга даярданып жатканбыз. Саат 18:00дөн баштап жардыруулардын үнү угулду. Көчөгө баарыбыз чуркап чыктык. Аялдар, жаш балдар ыйлап, эмне кылышты билбей туруп калдык. «Бизге талаа жактан аскерлер кадимкидей окторду жаадырып жатышат», — деп ыйлаган аялдар балдарын көтөргөн бойдон качып кетип жатышты. Анан байкем келди, документтериңерди даярдагыла деп, ошондо деле биз кыргыздар мындай нерсени күтпөгөн үчүн бат кача албадык. Түшүнбөй калдык, «Чын эле атып жатабы, эмне качышыбыз керекпи?» — деп нес болуп калдык. Орозонун күнү эмеспи, аңгыча азан айтылды. «Алар деле мусулман го, азыр токтоп калса керек» деген ойдо биз үйдөн чыккан жокпуз. Бир мезгилде жардыруу болуп, үйдүн астына чейин угулду. Чай ичип жаткан жерибизден өзүбүздүн унааларга олтуруп тоону көздөй качтык. Тоо дегенде, айылдардын башында канал бар. Ошол каналдан нары өтүп кетсең, анан ошол жакта тоону аралай жол да жок , талаа. Ошол жакка барып алысыраак жерге турдук. Кеч кирип калган, караңгыда кара түтүн гана бизге көрүнүп атты. Айылыбыз өртөнүп атканын карап турдук. Ал жерге кечки 20:00дө барсак, түнкү 00:00гө чейин болдук. Талаада элдин баары нес абалда ыйлап, жаш балдар ыйлап, жүрөктөр кысылып кетти. Анан баарыбыздын уюлдук телефонго каттар келип атты. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, ок атуулар токтойт экен деген.Октун үнү азайып калды, бирок токтогон жок. Биз ишендик, бизди атам чакырып алды. Атам жана байкем үйдө калган болчу. Байкем келип, бизди үйгө алып барды. Ошол түнү үйдө жаттык. Бир убакта октун үндөрү кайра угулуп, ойгонуп кеттим. Бөбөктөр уктап атканда үйдөн чыгып кете албайбыз деп, ошол күнү үйдө таңды атырдык. Айылдын баары башка айылга качып кетишкен. Бир-эки эле бизге окшогон адамдар калган. «Эрте айылдан чыгып кеткиле» деген кабар келди. Ошондо да  атам: «Шашпагыла, баары кетишсе, айылда эркектер эмне жейт? Кичине боорсок кылып кеткиле», — деп калды.Биз эркектерге жегенге борсоок кылалы деп от жагып аткан жерге чуулдаган ок келип түштү. Бирок кийин байкемдин айтуусунда ал ок эмес, жарылган миномет экен. Боорсокту бышырып аткан жерден баарыбыз качтык.

— Сиздин атаңыз Гапыр Мадаминов Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияны негиздеп, республикада аты чыккан абройлуу мугалим экенин билебиз. Эмне үчүн сиздер менен чогуу качкан жок?

— Атамды  жүрүңүз десем болбой койду. «Биз айылда калышыбыз керек», — деди. Байкем бизди Маргун айылына жеткирди. Өзү кайра айылга түшүп кетти. Эмне үчүн атам кеткен жок? Анткени көз алдында жашаган үй жана өзү негиздеген №3 эксперименталдык гимназия ал үчүн ыйык жер болуп калган эле. Таштап качып кете албады. Атам эки күн бою мектепте олтуруптур. Биз баарыбыз качып кеткенбиз. Атамдын жашындагы эркек кишилер да кеткен болчу. Жаш жигиттер гана айылды коргойбуз деп калган. Атам эки күн бою мектепте, тажиктер келип өрттөп салбасын деп отурду.

— Мектепти кантип коргоп калышты же мектептин жайгашкан жери негизги жолдон алыста беле?

— Айылда канал бар, андан бир аз ылдый түшкөндө трасса бар эле. Трассанын аркы бети — Кыргызстан, берки бети — Тажикстан. Биздин жаш азаматтар каналдын боюна чейин түшүшүп, колунда эч кандай курал жок ошол жерде турушту. Алардын максаты душманга бул айылда адамдар бар экенин, айыл бош эмес экенин көрсөтүү болду. Жаш жигиттер колунда куралы жок коргоду биздин айылды. Бирок, трассанын үстүндө жайгашкан Арка айылындагы эң сонун тойканалар, аптекалар, эмне болсо баарын өрттөп, жардырып, күйгүзүп салышкан. А биздин айылга кирбеди, бирок биздин айылдын астындагылардын баарын өрттөп салышты.

— Өзүңүздүн, атаңыздын азыркы абалы кандай?

— Атамдын азыркы абалы жакшы. Жумушту кадимкидей баштап, окуучуларды окутуп жатышат. Бирок атамдын жүрөк оорусу бар эле. Ошол жерде атамды аябай аядык, биз менен кетсе дедик. Баарына кайыл болуп кайраттуулук менен, эрктүүлүк менен туруп берди. Атам: «Карапайым элге мындай чыр-чатактын кереги жок. Достук мамиледе болуп келгенбиз  жана да болушубуз керек. Болуп жаткан иштерге тажик эли да түшүнбөй турса керек», -деген пикирде.

— Бул окуя бир эле Баткен облусу эмес, бүтүндөй кыргыздарды сестенткен бир окуя болду. Сиз мындан кандай сабак чыгардыңыз?

— Мен бул окуялардан кийин колумдагы баламды алып, Бишкекке келе бердим. Ал жерде тура албадым. Эне болгондон кийин балаңды ойлойт экенсиң. Ал эми «ал жерден кетпей, үйүмдүн ордуна үй куруп, мектебимдин ордуна мектеп салабыз» деген мекендештериме, «айылдан чыкпайм» деген ата-энелерге даңк. Аларда бар эрдик, бардык эле адамда боло бербейт. Баткендин элинин ушунусун сыйлап, башка облустагы элдер мамилесин өзгөртүп, колдон келген жакшылыктарын кыйын күндө эле эмес, башка убакта да унутуп койбостон, аны улантышы керек деп ойлойм. Анткени жай турмушта кандай мамиле болорун баарыбыз билебиз да. Биз элибизди аябай билимдүү, сабаттуу кылып тарбиялашыбыз керек. Биздин алсыздыгыбызды сезгени үчүн ушундай мамиле болду деп жыйынтык чыгардым. Күчтүү калк болушубуз керек. Өлкөнүн экономикасын көтөрүү менен биргеликте бийликти эл угуп, ал эми бийлик мыйзамды укканда гана бизге эч ким кол сала албайт. Ал эми болуп өткөн окуя да ким эмне кылган болсо, жоопко тартылышы керек. Эл аралык сотко кайрылуу абзел. Бирок бул дегеним, тажик элин жек көрүүгө жатпайт. Анткенин менин тажик айылдаштарым, досторум бар, мугалимдерибиз болгон. Бизди Тажикстанга жумуштар менен, иш-чаралар менен экскурсияга атам алып барчу. Барганыбыз жакшы кабыл алышкан тажик эли эч нерсе деп жек көрчү эмес. Биз да аларга жамандык каалабайт элек. Мен башта кандай тынчтык жана достук болсо, ошону сакталышын каалайт элем. Бирок агрессияны ким кылган болсо, ким үйлөрдү, мектептерди өрттөгөн, адамдардын көз жумушуна себеп болгон болсо, ошол инсандар кескин түрдө жоопко тартылышы керек. Такталган маалыматтар, чындык болгон фактылар айтылышы зарыл. Бул окуя көмүскөдө жабылып калбашы керек. Ал коркоктук жана намыссыздык болот.

— Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM