Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдиги менен кызматташууну тереңдетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Конституциянын кабыл алынгандыгына байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтты.
Ал быйыл коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесинде бир бүтүмгө келүү керек деген максат коюлганын билдирди.
«Биздин мамлекет бардык эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташууга умтулат. Бирок өз кызыкчылыгыбызды эске алып, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына урмат көрсөтүү менен мамиле жасаганыбыз табигый нерсе. Коңшу өлкөлөр менен чек араларды тактоо маселеси ондогон жылдар бою чечилбей келе жатканы баарыбызга белгилүү», — дейт Жапаров.
Андан тышкары коңшу мамлекеттерге транспорттук коридорлорду жана аба каттамдарын өнүктүрүү, чек арада экономикалык, маданий байланыштарды өөрчүтүү, анын ичинде сууну пайдалануу сыяктуу бир катар мамлекеттер аралык долбоорлор сунушталат.
«Биз эки тараптуу форматта, мамлекет башчыларынын Борбор Азиядагы жолугушууларынын, ошондой эле «5+1» форматтарынын алкагында иш алып барабыз деген ойдобуз», — деди Жапаров.