Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 3-майга карата Баткенде абал тынч

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 558 | 0

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда абал тынч болуп, түнкүсүн ок атышуулар сыяктуу бейпилдикти бузган окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте көзөмөлдөөдө. Милиция кызматкерлери коюлган блок-посттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Куралдуу кагылышуу орун алган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан айылдарды министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен биргеликте кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө.

Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күн-түн жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча чыккан чырда 179 кыргызстандык жабыркап, кан төгүүдө жалпы 34 адам каза болгон. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга облус боюнча 58 миң 261 жаран көчүрүлгөн. Ал эми тажик тарап 90 киши жабыркап, 16 адам каза болгонун айтууда.

Жалпысынан чек арадагы чыр боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM