Биз менен байланышыңыз

Муфтият чек арада каза болгондордун жакындарынан кабар алды

Кыска кабар | 2 мая 2021 | 501 | 0

Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна барып чек ара окуясында көз жумган жарандардын туугандары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты.

Маркумдарга багыштап Куран окулуп, мамлекеттин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элдин амандыгы үчүн дуба кылынды.

Жолугушууга түштүк аймагындагы казылар жана облустук казыяттын эмгек жамааты катышты.

“Мамлекетибиздин мындан ары тынчтыгы, бакубат жашоосу үчүн дайыма дуа кылып, Жаратканга жалбаралы. Маркумдарыбызды Алла Таалам Өз ырайымына алсын. Мындай оор жоготуу кайталанбасын. Энелердин көз жашы акпасын, ар бир үйдө бейпил жашоо болуп, өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун»,-деди Жоробай ажы Шергазыев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM