Биз менен байланышыңыз

Министр Бейшеналиев баштаган медициналык топ Баткенге жөнөп кетти

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 444 | 0

Бүгүн, 30-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев башында турган медициналык кызматкерлер Баткен облусунда чек ара чырынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр менен бирге 2 жалпы хирург, 2 анестезиолог-реаниматолог, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, бет-жаак хурургу жана травматологдор кетишти.

Медициналык топ Улуттук госпиталдын жана Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун адистеринен куралган, алар Исфана шаарына багыт алышты.

29-апрелде жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Баткенге нейрохирург, травматолог, өпкө жана кан тамыр хирургу, анестезиолог адистиктериндеги 15 дарыгер, Ошондой эле Талас облусунан 7 медкызматкер Баткенге жөнөгөн.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Copyright © 2017 Maral FM