Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавирустун 200дөн ашык жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 299 | 0

Бишкек шаарында өткөн суткада коронавирус инфекциясын жугузган 211 адам катталды. Бул тууралуу брифинг учурунда айтылды.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 156 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 55 учур. Эки адам каза болгон.

Бишкек шаары боюнча 22 мобилдик бригада иш алып барууда. Ошондой эле коронавирус инфекциясын жана пневмония ооруларын дарылоо үчүн 1067 орундуу 9 стационар ачылган. Бүгүнкү күнгө карата стационарларда 820 бейтап дарыланууда. 246 бош орун бар.

«Бишкекте «Синофарм» вакцинасынын биринчи дозасын 3590 адам алса, экинчи дозасын 197 адам алды. Ал эми «Спутник V» вакцинасы менен 1937 адам эмделди», — деди Бишкектеги Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова.

Copyright © 2017 Maral FM