Биз менен байланышыңыз

Дубнов: Чек арадагы чыр кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 2608 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан маалда чыкканы Тажикстан үчүн «ыңгайлуу болушу мүмкүн». Бул тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Настоящее время» каналына билдирди.

«Кыргызстан жетекчилиги туруктуу болбой турган жагдайда, УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда, өлкөдө ички саясий абал анча жакшы болбой турганда аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле? Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Азыр мендеги маалыматка караганда, тажик тарап оор техника менен миномет, тик учактарды колдонгону айтылып жатат. Өтө батыл башталган аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө кызыкчылыгы болушу мүмкүн», — деп билдирди Дубнов.

Кыргызстан да, Тажикстан да — Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөлөрү.

Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууга макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Булак: Азаттык

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM