Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чырдан 20 кыргызстандык жабыркады

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 429 | 0

Ушул тапта Баткен облусунун аймактык ооруканасына жарадар болгон 7 жаран жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын экөөсүнүн абалы оор.

«Жай тургундар эвакуацияланды, атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучунун келери күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM