Биз менен байланышыңыз

«Головной» — Баткен районунун жалгыз суу булагы

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 748 | 0

Тажикстандыктар Кыргызстандын аймагында жайгашкан «Головной» башкы суу бөлүштүрүүчү жайын экиге бөлүүнү талап кылып жатат. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар айтышууда.

Суу департаментинин жетекчиси Алмаз Сокеевдин айтымында, Төрт-Күл суу сактагычы Баткен облусун толук камсыз кылат. Ал жерде башка суу булагы жок. «Головной» башкы суу бөлүштүрүүчү жайы кыргыздыкы болуп келген.

Суу ресурсу 1992-жылы Алматы шаарында кол коюлган протоколго жана 1995-жылдагы Нукус Декларациясына ылайык жөнгө салынат.

Алмаз Сокеевдин айтымында, 1980-жылы 10-апрелде сууну чогуу пайдалануу боюнча үч тараптуу протокол түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызстан Ак-Суу дарыясынын 37 пайызын алат, Тажикстан 55 пайыз, Өзбекстан 8 пайыз алат. Ошондо Кыргызстанга 11 миң гектар жер, Тажикстанга 21 миң 300 гектар, Өзбекстан 1600 гектар жер туура келет.

«Биз келишимди сактап, сууну толугу менен берип жатабыз, өз лимитибизди толук алабыз. Ал — 120 млн куб метрдин тегереги. Бүгүнкү күндө Төрт-Гүл суу сактагычында суунун көлөмү 90 млн куб метр, толук толуп турат. Биз апрель-май айында сууну албайбыз. Май айында сугат башталганда суу алып турабыз. Негизи тажик жана өзбек тарап менен лимит боюнча маселе жок. Азыр тажик тараптын сууну эки бөлүү тууралуу айткандары такыр мүмкүн эмес, биз буга жол бербейбиз», — дейт Сокеев.

Бүгүн Тажикстандын Чек ара аскерлери «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын калктуу конуштарынан алыс жайгашканы тууралуу маалымат таратты.

Алар 1924-1927-1989-жылдардагы карталарга ылайык, бул гидроэлектростанция толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашкан деп жарыялашты.

Архивдик маалымат: «Головнойду» Кыргыз ССРи курган

Copyright © 2017 Maral FM