Биз менен байланышыңыз

Баткендеги үч айылга өзгөчө кырдаал киргизилип, эл коопсуз жайга көчүрүлдү

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 738 | 0

Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде ыкчам иштерди жүргүзүүдө. Чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чыр-чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM