Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик «Керемет Банк» жеке ишканага айына 50 миң доллар төлөп ижарада турат»

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 1747 | 0

Мамлекеттик «Керемет Банк» жеке менчик ишкананын имаратында айына 50 миң доллар ижара төлөп турат. А Улуттук Банктын карамагында ага окшогон имараттар көп. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Искендер Матраимов билдирди.

Ошондой эле ал былтыр пандемия убагында аталган банкка 1,5 млрд сом каражат салганы үчүн Улуттук Банкты сындады.

Мындан сырткары депутат «Керемет Банктын» жыл сайын чыгаша менен жыйынтыктала турганын кошумчалады.

Эске салсак, мурдагы «Орусия Инвестициялык Банкы» Ачык акционердик коому өз атын «Керемет Банк» деп расмий өзгөрткөн.

Copyright © 2017 Maral FM