Биз менен байланышыңыз

Адылбек, Дамира: Батышты туурабагыла, кыргыздын да сонун кайрыктары бар

«Текстке обон төп келип, ырчы аны адамдын жүрөгүнө жеткире ырдаганда гана ал ырлар легендага айланат», — деп, мурунку убакта музыкага талап күчтүү болгонун айтып, азыркы кездин вирустай жайнаган обондуу ырларына кейип, жаш таланттарга кеңешин берген дагы бир таланттуу жубайлар, 1970-1980- жылдардан тартып таланты эл оозуна алынган, композитор Адылбек Кыязов жана өмүрлөшү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы Дамира Баратбаева «Мен жана мезгил» программасында конокто болушту.

— Бул чөйрөгө кантип келип калдыңыз? 

Адылбек: — Бул чөйрөгө мен мектепке бара элек кезимден аралаштым. 6 жашымда комуз үйрөндүм. Адам баласынын каалоосу күчтүү болсо, байлап койсо да токтобойт экенсиң. Бир күнү таятам Калматтын үйүнө барып калдым. А киши комуз чертип олтуруптур. Көрүп эле көзүм комузга түштү. Анан үйгө кетерде апама: «Таятамдан комузду алып бер», — деп шыбырадым. Апам таятама айткан экен. Ал: «Мен эми 80 жашка таяп калдым. Комуздан башка эрмегим жок», — деп коюптур. Мен тамак жебей, эч нерсеге көңүл тартпай, ыйлап жүрдүм. Жайлоодон жаңы көчүп келген кезибиз эле, ноябрь айы, күн суук болчу. Бир маалда ата-энем аттанып, өз айылыбызга жөнөдү. Апама учкашкан мен деги бир токтоно албай ыйлап баратам. 100 метр обочологондон кийин эле таятам мага боору ооруп, «Э-эй, Ноорузбү», — деп кыйкырды. Ошол кыйкырыкты күтүп тургандай эле абдан сүйүндүм. Кайра кайрылып бардык. Таятам: «Атаң гөрү-ү, ыйлаганыңды көрүп, жүрөгүм чыдабай калды, ушундай да болосуңбу? Жүрөгүмдү ооруттуң. Эми ушул комузду жакшылап чертип жүр. Менден сага эстелик болсун», — деп берди. Күндүн суугуна карабастан сүйүнүп, үйгө жеткенче комузду кыңылдатып, чертип баргам. Колум селейип тоңуп калыптыр. Менин чыгармачылыкка изим ошол учурдан баштап салынды. Комузду жайлоого барганда кошунабыз Арзыкул деген байкеден бат эле үйрөнүп алдым. Кийин патефон чыкты. Анын чоң табактарына жазылган ыр-күүлөрдү угуп, андан ары жөндөп чертип кетчүмүн. Атам: «Адылбек, мен келгенче бул ырды жаттап кой», — дейт эле. Анан кайра-кайра угуп, изденип, даярдап койчумун. 8-классымда «Ай эркем ай», «Коштошуу», «Жеңишим» деген ырларды жараттым. Кийин аккордеон да үйрөнүп алдым.

Дамира: — Ар бир инсанда ар кандай тармакка жөндөм болот. Апамдын чоң аталары манасчы болгон. Апам өзүм жамактап ырдачу. Кичинекей кезимде айылга опера-балет театрынын артистери көп келчү. Эл театрга батпайт. Кайыргүл Сартбаева, Сайра Кийизбаева эжелерибиз келип, театр коюлууда. Алардын жасанып, шөкүлө кийип, шуру мончок тагынып, ырдап жатканын көрүп, тим эле элжиреп кеттим. Анан ошол театрда ырдалган «Отуң менен кирейин, күлүң менен чыгайын, эжеке», — деген эки сапты жаттап алып, кошунанын балдарын көрүүчү кылып тизип коюп, ырдап берчүмүн. Мектептен да тырышып окучумун. Мугалимдер: «Тарыхчы, географ бол», — деп калышчу. Баарына жетишчүбүз. Индия кинолору чыгармачылыкка абдан таасир тийгизди (күлүп). Апамдын 10 метр материалын оронуп алып, мектептен ырдап, бийлеп калдым. Немис тили сабагынан 10-классымда 1-курста өтүлүүчү материалды окучумун. Атам-энем артист болуума каршы чыгышкан. «Биздин тукумубузда артист болгон эмес», — деп, байкем Политехникалык институтка киргизип койду. Бул окууга да макул болуп, улантып жүрдүм. Ал кезде Шамшыбек Өтөбаев «Политех» деген топ түзүп, ага кабыл алынып, Москва, Өзбекстанга чейин барып келгенбиз. Айылга байкем жөнөтпөйт. Үч жылдан кийин араң суранып атып, жайкы эс алуга тараган маалда бардым. Айылга барганда эле дароо театрга кирип алдым (күлүп).

— Эки талантты табыштырган чыгармачылык эле болсо керек…

Дамира: — Театрга 1971-жылы келгем. Ал кезде атым таанылып, көп ролдорду ойноп калгам. 1976-жылы Адылбек театрга бир дос баласы менен келди. Гастролдорго чогуу чыгып жүрүп, таанышып калдык (күлүп).

Адылбек: — «Бою узун, жакшы жигит экен» деп таанышып алган (күлүп). Дамира өзү ачык, шайыр, кээде үйдө казан-аяк кагышканда бат эле унутуп калат. Үйдү, идиш-аякты таза кармайт. Жакама кир жугузбайт. Эркекке аялдык сапатын мыкты алып жүрсө эле жагат да. Дамирага үйлөнөрдө апам менин оюм менен болду, каршы чыккан жок. Атам тилекке каршы, жакшылыгыбызды көрбөй калды. Биз турмуш кургандан кийин Дамиранын ырга болгон шыгын билип, анан экөөбүзгө ылайыктап, дуэт жаздыра баштаганбыз.

Дамира: — Келерки жылы чыгармачылыкта жүргөнүмө 50 жыл болот. Буюрса, 70 жылдык юбилейди белгилейин деп турам.

— Бир топ жыл эмгектенип, чыгармачылыкта жүрсөңүз да, ушул кезге чейин мамлекеттен наам ала элек экенсиз? Наам тууралуу учкай кеп куралы…

Адылбек: — Мен өзүм «наам берип койгула» деп кайрылган эмесмин. Мени иштеген мекемем — театр көрсөтөт. Ушул кезге чейин 20 жолу документ тапшырылды. Акырында облустагы жетекчилер: «Адылбек, документиңди карагандан биз уялып жатабыз, тигил жогору жактагылар кантип уялбайт?» — деп кызыл сыя менен баса белгилеп кетирип жатышты.

Бул жерде акча да башкы ролду ойнойт экен. Ал нерсе мага жакпайт. Ошол себептен документтер каралбай калып жатса керек. Элдин арасында «элдик артист» болуп жүргөндөн өтөрү жок экен. Анткени сенин обондоруңду эл гана сүйүп угуп, ырларыңды эл гана ырдайт, баалайт. Жогору жактагылар ырдабайт да, билишпейт.

Дамира: — Бирок, ошентсе деле бул наам керек. Өкмөт ар бир адамдын талантын баалап, сыйлашы керек. Адылбек өзү чуркап, жулунган адамдардан эмес.

— Обончу катары айтсаңыз, азыр кыргыз обондору, кайрыктары элге кандай жетип жатат?   

Адылбек: — Эми такыр эле эзилип калды дегенден алысмын. Арасында бар. Азыр менин сүйүнгөнүм, мыкты устаттардан тарбия алып, ырдап чыккан жаштар көбөйдү. Комузду жакшы өздөштүргөндөр да бизди кубандырат. Кыздардан да таланттуулар аз санда. Кээ бир учурда ыр угуп, клип көрөйүн десең, так секирип, бийлеп жатканын көрүп иренжип кетип, башка телеканалга которуп салам. Жаш обончуларга «Батышты туурабагыла, кыргыздын да уга турган жакшы кайрыктары бар», — деп, кеңешимди айтам. Азыр «ырга, обонго жаңы кийим кийгизебиз» деп, көпчүлүгү бузуп коюшат. Ал эми кээ бир чыгармачылыкта жүргөн кесиптештер: «Силер бизди ырдабагыла дейсиңер. Биз ушуну менен үй-бүлө, балдарыбызды багабыз. Анда силер баккыла», — деп, айтканыңды туура эмес кабыл алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM