Биз менен байланышыңыз

Талантбек Солтобаев Транспорт министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 667 | 0

Талантбек Солтобаев Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 23-апрель күнү премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Министрдин орун басары кызматын Нурланбек Кайынбаев жетектемей болдуу. Ал бүгүн, 26-апрелде жол коопсуздугунун эмгек жамаатына тааныштырылды.

Copyright © 2017 Maral FM