Биз менен байланышыңыз

Султан Каримов: Ден соолугум күндөн күнгө жакшырып баратат

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 1067 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Президенттин аппаратынын өкүлү Кудайберген Базарбаев Маданият министри Кайрат Иманалиев менен биргеликте Президент Садыр Жапаровдун атынан белгилүү ырчы Султан Каримовго акчалай жардам тапшырды.

Эске сала кетсек, эл артисти Султан Каримов кант диабетинин биринчи түрү менен катуу ооруп жүргөн.

Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров ырчынын дарылануусу кандай жүрүп жатканына көз салып, анын абалын ар дайым сурап турарын айтты.

Маданият министри Кайрат Иманалиев Султан Каримовдун чыгармалары угуучуларга ар дайым дем-күч берип турарын белгилеп, ден соолук жана узун өмүр каалады.

Султан Каримов ден соолугу күндөн-күнгө жакшырып баратканын айтты.

«Чын жүрөгүмдөн кыйын убакта мага жана үй-бүлөмө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз элине ыраазымын. Оору акырындык менен артта калууда. Түркияда дарыланып келдим. Президент Садыр Жапаровго материалдык колдоосу үчүн рахматымды айтам. Ошондой эле Жапаровдун маданият тармагына көңүл бура баштаганына кубанычтамын. Сахнада жүргөнүмө 45 жыл болду, алдыда дагы көптөгөн пландар бар. Жакында ишке киришем», — деди Султан Каримов.

Copyright © 2017 Maral FM