Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда орто кесиптик окуу жайларда 100 миңдей студент билим алат

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 545 | 0

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровдун маалыматына караганда, өлкөдө 99 баштапкы кесиптик, 149 орто кесиптик жана 74 жогорку окуу жайы бар.

Жогорку окуу жайларында 219 миң, орто кесиптик окуу жайларында 99,5 миң, баштапкы кесиптик окуу жайларында 32 миңдин тегерегинде студент билим алат.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM