Биз менен байланышыңыз

Түркия Айя-София мечитин калыбына келтирүүдө дүйнөгө үлгү боло алат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 869 | 0

Стамбулдагы Айя-София мечитин оңдоп-түзөө иштеринде бүткүл дүйнөгө үлгү боло турган модель колдонулат. Бул тууралуу «Анадолу» агенттигине Стамбул маданият жана туризм башкармалыгы Жошкун Йылмаз билдирген.

«Мечитти оңдоо иштеринин максаты — 1500 жылдык тарыхы бар архитектуралык курулуштун тарыхын жана маданий мурасын сактоо. Айя-Софияны калыбына келтирүү ишинде жогорку деңгээлдеги кесиптик чеберчилик жана тажрыйба колдонулат. Түркия дүйнөгө маданий мурастарды сактоонун үлгүсүн көрсөттү. Бул биздин илгертен бери келе жаткан салт», — деди Йылмаз.

Ошондой эле мечитти калыбына келтирүү ишине президент Реджеп Тайип Эрдоган өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Айя-София мечити 916-жылдан бери дүйнөдөгү эң чоң ибадаткана деп эсептелген. 1453-жылы Султан Мехмет II басып алгандан кийин, Осмон мамлекетинин башкы мечити болуп калган. Мечит кылымдар бою Византия империясынын борборун басып алуунун символу деп айтылып калган. 1985-жылы Айя-София ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM