Биз менен байланышыңыз

Баткендеги балдардын мушташы 3 милицияны иштен кетирди

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 1122 | 0

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектептин окуучуларынын массалык мушташынан улам 3 милиция иштен алынды.

Буга чейин, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев окуяны жеке көзөмөлүнө алганы айтылган. Облус жетекчиси бул окуя боюнча орун басары Эрлан Сапарбаевге атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын дыкат иликтөөнү тапшырган.

15-апрель күнү саат 13:30дар чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-класстарынын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган. Төртөөнүн тең абалы канааттандыраарлык.

Copyright © 2017 Maral FM