Биз менен байланышыңыз

АКШ: «FedEx» имаратындагы атышуудан 8 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 878 | 0

Индианаполистеги «FedEx» корпорациясынын имаратында бир адам ок чыгарып, анын кесепетинен 8 адам каза болду. Андан сырткары дагы бир нече кызматкер ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Полициянын айтуусунда, ок чыгарууга шектүү өзүн-өзү атып өлтүргөн. Акыркы маалыматтарга ылайык, жаракат алгандардын төртөө — өтө оор абалда.

Ок аткандын жана каза болгондордун аты-жөнү, жеке маалыматтары жарыяланган жок.

«Бул окуядан жапа чеккендерге көңүл айтабыз. Компания кызматкерлеринин коопсуздугу алдыңкы приоритет болуп саналат жана биз тергөө органдары менен кызматташууга даярбыз», — деп жазылат «FedExтин» билдирүүсүндө.

«FedEx» ишканасынын имараты «Индианаполис» аэропортунан алыс эмес жерде орун алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM