Биз менен байланышыңыз

Чыккынчылык кылгандар кайсы учурда көбөйөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2021 | 1188 | 0

Өлкө оор экономикалык, саясий абалдан өтүп жатканда чыккынчылык кылгандар көбөйөт. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чыккынчылыкка шектелгендердин күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктайт. Андыктан териштирүү иштерин күтүү зарыл.

«Шектүүлөрдүн кармалышы учурда болуп жаткан окуялардын бир себеби болот. Мындай фактылардын чыгышы өлкөдө турукташып келе жаткан саясий абал менен байланышы бар. Тарыхка кайрылсак, чыккынчылык кадамдар революциядан кийин орун алып келген. Кыргызстан бир топ өлкөлөрдү көп жагынан кызыктырат», — дейт Медетбеков.

УКМК: Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип эки жаран кармалды

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM