Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Баарыңыздар вакцина алыңыздар

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1363 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого чакырды. Жапаров азыркы учурда абал өтө коркунучтуу эмес экенин бирок жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандар жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер экенин айтты.

«Ошондуктан сиздерге кайрылып кетээрим, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканаларга барыңыздар. Жаңыдан башталганда кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты.

Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот.

Кудай буюрса, биз катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар деп мен толук ишенем. Кудай буюрса, баары жакшы болот».

Кыргызстанда 15-апрелге карата 305 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны пандемия башталгандан бери 91 миң 144кө жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 86 491 болду. Пандемия башталгандан бери 1540 адам коронавирустан каза болду.

Быйыл 19-мартта Кыргызстанга Кытайдан «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Учурда эмделгендердин жалпы саны өлкөдө 5 миң 280ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM