Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Медициналык тармакта 3 миң жумуш орду бош турат

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1290 | 0

Кыргызстанда медициналык тармакта 3 миң жумуш орду бош турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги Улуттук госпиталь жана Токмок аймактык ооруканасынын филиалына барганда айтты.

Медициналык кызматкерлердин айлык маянанын төмөндүгүнө байланыштуу ишин таштагандыктан бош жумуш орундарын толтуруу пландалууда.

Жапаров дарыгерлердин негизги проблемалары, алардын ичинде эмгек акыларын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу мамлекеттин көңүл чордонунда турат.

Жапаров 15-апрелде Бишкектеги Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасынын филиалына барып, пандемиянын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди.

Улуттук госпиталда коронавирус инфекциясы менен ооруган 84 бейтап дарыланып жатат. Дары-дармек жана жабдуулар боюнча көйгөйлөр жок экени айтылды. Мекемедеги «кызыл зонанын» жандандыруу бөлүмүндө 5 адам дарыланып жатат.

Президент ошондой эле 147 бейтап дарыланып жаткан Токмок аймактык ооруканасынын филиалындагы «кызыл зонадан» кабар алды. Ал эки медициналык мекеменин тең кызматкерлери менен сүйлөштү.

Жапаров мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатканын, анын алкагында дарыгерлер жана мугалимдер үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM