Биз менен байланышыңыз

Кызыл китепти жаңылоо үчүн демөөрчүлөр изделүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 8 мая 2024 | 457 | 0
Кызыл китепке киргизилген ак илбирс

Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жана сейрек кездешкен жаныбарлары, өсүмдүктөр киргизилген кызыл китепти жаңылоо үчүн демөөрчүлөр изделүүдө.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Чороев «Маралдын» эфиринде айтты.

Анын маалыматына караганда, экология министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлар, тиешелүү министрлик, мекемелер, институттар менен бирге жумушчу топ түзүлдү. Учурда Кызыл китепти жаңылоо аракети көрүлүп жатат. Жумушчу топтун алгачкы жыйыны 11-майда өтөт. Анда сунуш-пикирлер угулат.

«Биздин министрлик башында туруп, жумушчу топ түзүлгөн. Учурда Кызыл китепти жаңылоону колдой турган мекенчил демөөрчүлөрдү издеп жатабыз, ири ишканаларга кайрылдык. Жумушчу топ Кызыл китепти жаңылоо үчүн канча каражат кетерин изилдеп, сметасын түзөт. Сунуш-пикирлер алгачкы отурумда айтылат, аны 11-майда өткөрөлү деп жатабыз» , — деди Бакыт Чороев.

Каражат жер-жерлерде талаа экспедицияларын жүргүзүүгө, камералдык иштерге жумшалат. Кызыл китептин өзүн басып чыгаруу процедурасына да каржы зарыл болот.

2005-жылы жаңыланган Кызыл китепте өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн 202 түрү камтылган. Ошонун ичинен сүт эмүүчүлөрдүн 53 түрү, канаттуулардын 57 түрү, жерде-сууда жашоочулардын эки түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү, жогорку өсүмдүктөрдүн 87 түрү камтылган.

Кыргыз Республикасынын кызыл китеби алгачкы жолу 1985-жылы чыгарылган. Кайра 2005-жылы жаңыланган. Адистер Кызыл китеп он жылда бир жаңыланып турушу керектигин белгилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM