Биз менен байланышыңыз

УКМК: 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер кармалды

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 979 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштердин контрабандасы кармалганын кабарлады.

14-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Баткен районунда жайгашкан “Н.М.А.” таандык жеке жайына тинтүү жүргүзүлгөн.

Анда Ош облусунун тургуну “Ю.С.Э” аттуу жарандын башкаруусундагы «Volvo-FN» жүк ташуучу унаа кармалып, ичинен 17 тоннадан ашык кургатылган жемиш табылган.

Кургатылган мөмө-жемиштер мамлекеттик чек арадан сырткары жерлер аркылуу коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилгени аныкталды.

Аталган унаа жүгү менен тергөө иш-аракеттери аяктаганга чейин УКМКнын “Достук” чек ара постуна жеткирилди.

Бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана актыга катышкан адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM