Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга берилген добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгын чыгарды.
Маалыматка караганда, референдумга шайлоочулардын 36,17%ы катышты.
Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу «макул» добушун берди, 13,83% шайлоочу «каршы» добушун берди.
Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелде референдумга коюлду.