Биз менен байланышыңыз

Баткендеги «Апрельское» алтын кени боюнча түшүндүрмө берилди

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1395 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы «Апрельское» алтын кенинде жаралган жагдай боюнча маалымат таратты.

14-апрелде Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын тургундары президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жасашып, Өзгөрүш айылынын батышында, Алмалуу тоосунда жайгашкан «Апрельское» алтын кенин иштетүүгө каршы экендиктерин билдиришкен.

2012-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан «Апрельское» алтын кенин иштетүүгө,  Орусиялык «Апрельское Эй Зет Ай» жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилген. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт.

Азыркы учурда аймакта кенди изилдөө, чалгындоо жумуштары, жол салуу иштери жүрүүдө. Кен казуу жумуштары жүргүзүлө элек.

«Апрельское Эй Зет Ай» ЖЧКсы тарабынан лицензия үчүн салык төлөмү Катраң айыл өкмөтүнө төлөнүп келген жана анын суммасы бүгүнкү күнгө карата 21 млн сомду түзөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, жергиликтүү бийлик менен инвесторлорду, эл менен жолугушууларды уюштуруу, элге компаниянын максаттары, пландары, Катраң айыл аймагын өнүктүрүү боюнча программасын, жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүүчү социалдык пакеттер боюнча маалыматты жеткиликтүү түшүндүрүүнү тапшырды.

14-апрелде Катраң айыл өкмөтүнүн эли Лейлектеги Козу-Баглан дарыясын коргоо максатында чогулуп, президентке кайрылуу жасады. Алардын айтымында, эл суу ичкен дарыя уулануу алдында турат.

Төмөндө тургундардын кайрылуусу:

Copyright © 2017 Maral FM