Биз менен байланышыңыз

Үчүнчү толкун. Жапаров «кызыл зонадагы» дарыгерлер менен баарлашты

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1103 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды.

Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор абалда, 144ү оор абалда экенин айтты.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев пандемиянын үчүнчү толкунуна даярдануу алкагында республиканын бардык медициналык мекемелеринде дары-дармектердин жетиштүү кору бар экендигин белгиледи.

Министрдин айтымында, 200 миллион сом керектүү дары-дармекти жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшалат, ошондой эле коронавирустан дарыланып чыккан учурларга 157 миллион сом каралган.

Садыр Жапаров Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылганын башка категориядагы дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү пландаштырылып жатканын белгиледи.

Ал мамлекет тарабынан медиктердин иштөө шарттарын акырындап жакшыртууга болгон күч-аракеттер улантыларына ишендирди.

Кыргызстанда 15-апрелге карата 305 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны пандемия башталгандан бери 91 миң 144кө жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 86 491 болду. Пандемия башталгандан бери 1540 адам коронавирустан каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM